ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 68
(1-161)

Ошону менен; Дүйнөдө мындан ашкан жакшы кабар, мындан ашкан чыдамкай идея жана ачык акыйкат бөло албайт... Демек, Дүйнө жүзү - шексиз эгин эгиле турган жер. Махшер болсо - кырман, эгин топтоло турган жер. Бейиш, Тозок болсо - ар бири бирден кампа болуп саналат.

ОНУНЧУАКЫЙКАТ: Хикмет, Инайет, Рахмет, Адалет эшиги. Хаким, Керим, Адил, Рахим ысымдарынын чагылуусу.

Эч мүмкүн бекен; ушул Дүйнө меймаңканасында жана ушул түбөлүксүз сыноо майданында жана ушул чечимсиз Жер шары көргөзмөсүндө ушунчалык апачык бир хикмет, ушунчалык көрүнөө бир ина-йет* жана мынчалык үстөм келген бир адалет* жана мынчалык чексиз бир мээримдүүлүгүнүн издерин көргөзгөн Малик-ул Мүлк-и Зулжелалдын* мамлекетинде жана мүлк ааламынын салтанатында; туруктуу үйлөр, түбөлүктүү тургундар, макамдар, дайым жашоочу макулуктар болбостон ушул көрүнгөн хикмет*, инайет, адалет жана ырайымдуулуктун акыйкаттары түккө жарабай калсын?!..

Ошондой эле эч мүмкүн бекен: Ошол Зат-ы Хаким* ушул адам баласын бардык макулуктарынын ичинен өзүнө мухатаб (угуучу)* жана жами* бир күзгү кылып бардык рахмет казыналарынын ичиндегилерин ага ооз тийгизсин, таттырсын, тааныттырсын, Өзүн бүт ысымдары менен билдирсин, аны сүйсүн жана сүйдүрсүн... андан кийин ал бечара адам баласын ошол түбөлүктүү мамлекетине жибербесин?! Ошол түбөлүктүү бакыттаалай сарайына чакырып бакытка бөлөбөй койсун?!

Үн жок