ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 46
(1-161)

Ошондой эле эч бир жактан мүмкүн эмес: ошол Мутасаррыф-ы Кадир-и Рахим* анын дубаларына алака көргөзүп туруп ошол дубаларды кабыл этпей койсун. Ырас, Зат-ы Ахмедийе (а.с.м)*нин нуру менен ааламдын кейпи алмашты. Адамдын жана бүткүл каинаттын чыныгы, негизги ич жүздөрү эмне экендиги билине баштады. Башкача айтканда, ошол нур, ошол жарык менен ортого мына бул нерсе чыкты жана көрүндү: Ушул каинаттын бүткүл нерселери - Аллахтын ысымдарын окуткан ар бири бирден Самеданийе* каттары, ар бири бирден милдеттүү кызматчы жана түбөлүк түүлүккө ылайык кымбаттуу жана маанилүү мев-жуд*болуп саналат. Эгер ал Нур болбосо, бүткүл нерсе түбөлүктүү жок болууга учурап жана кым-батсыз, маанисиз, пайдасыз, бош, аралаш, тесадүф (кокустук) оюнчугу болуп кайгылуу караңгылыкта калып калмак. Мына ушул сырдан улам: адамзат Зат-ы Ахмедийенин (а.с.м.)* дубасына "оомийин" деп айтышкандай, арш* жер жүзү атомдордон баштап планеталарга чейинки бүткүл нерсе Анын Нуру менен сыймыктанып, байланыштыгын көрсөтүп жатышат... Ансыз деле Ахмеддин (а.с.м.) кулчулугунун руху - дуба болуп саналат. Балким, каинаттын кыймыл-аракеттери жана аткарган кызматтары - дубанын бир түрү. Мисалы, бир данектин кыймылы: Жаратуучусунан бир дарак болуусу үчүн бир түрдүү дуба болуп саналат...

Карачы, ушундай Семи* жана Керим* бир Кадирден*, ушундай Басир* жана Ра-хим* бир Алиимден саадат жана түбөлүктүүлүктү суроодо: эң жашыруун жандуулардын эң купуя тилегин абдан жөнөкөй жалбаруусун апачык көрөт, угат, кабыл этет, ырайымдуулук кылат. Өзүнө тиешелүү тил менен болсо дагы кабыл этилет. Ушундай бир сурет-и хакиимане*, көрөгөчтүүлүк менен, ырайымдуулук менен берет жана кабыл этет: Шек, күмөн калтырбас ошол тарбия жана тедбир*; ошондой Семи* жана Басирге* тиешелүү, ошондой Керим* жана Рахимге* тиешелүү...
Үн жок