ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 41
(1-161)

0 (Түшүндүрмө) Күзгү сымал жаратылган нерселердин бир-бири аркасында жок болуу жана өлүүлөрү менен бирге, аркаларынан келгендердин үстүндө жана жүздөрүндө ошол эле сулуулук жана жамалдын чагылуусунун бар болуусу муну көрсөтөт: Жамал алардыкы эмес... Ал жамалдар бир Хүсн-ү Мүнеззех* жана бир Жамал-и Мукадцестин* аяттары жана ишаараты.

Ал кемчиликсиз сулуулук ошол ыйык жамалдын чагылуусунан, ысымдарда, балким ар бир ысымда абдан жашыруун ка-зыналардын бар экенине ишаарат кылат. Мына, ушунчалык сулуу, теңцеши жок жашыруун бир жамал болсо; өз сулуулугун бир күзгүдө көрүү жана сулуулугун даражасын жана жамальвдын салыштырмаларын акылдуу жана ашык бир күзгүдө көрүүнү каалаган сыяктуу, башкалардын назары менен кайра эле ошол сүйүктүү жамалына кароо үчүн көрүнгүсү келет. Демек, эки жак менен өз жамалына кароо; Биринчиси: Ар бир башка башка түстө болгон күзгүлөрдө жалгыз өзүн көрүү. Экинчиси: ашык болгон көрүүчү жана айрантаң калгандардын көрүүсү менен көргүсү келет. Демек, ал сулуулук жана жамал; көргүсү жана көрүнгүсү келет. Көрүү жана көрүнүү болсо; куштар көрүүчү, айрантаң калуучулардын бар болуусун каалайт, сулуулук менен жамал - түбөлүктү, соңсуз болгондуктан куштарлардын ар дайым тирүү болуусун каалайт. Анткени, түбөлүктүү жамал болсо туруксуз куштарга ыраазы бопло албайт. Себе-би, кайра кайткыс болуп жок болууга кетип бара жаткан өлүмүн, жок болуусун ойлоо аркылуу сүйүүсү душмандыкка айланат. Тандануусу чолок ойлонууга, урматы акааратка айлана баштайт. Анткени, ө-зүмчүл адам билбеген нерсесине душман болгондой, колу жетпеген нерсесине да каршы чыгат. Чынында, соңсуз сүйүү, чексиз бир каалоо жана жактыруу менен каршылык берүүгө ылайык болгон бир жамалга каршы жашыруун душмандык, жек көрүү жана жокко чыгаруу менен каршы чыгат. Мынакей, атеист - Аллахтын душманы болгонунун сыры мындан билинип турат.

Үн жок