ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 38
(1-161)

Андай болсо бир Махкеме-и Күбрага калтырылууда. Себеби, чыныгы адилетттүүлүк мындай нерсени каалайт: Ушул кичинекей адам баласы кичинелигине жараша эмес, кылмышынын чоңдугу, ич жүзүнүн маанилүүлүгү жана милдетинин улуулугуна жараша сый-урмат, же жаза көрсүн. Ушул тез эле өтүп кетүүчү жалган Дүйнө; түбөлүктүү жашоо үчүн жаралган адам баласы ошондой адилеттүүлүк менен хикметке ээ болуудан абдан узак болсо... албетте адилеттүү болгон ошол Зат-ы Желил-и Зулжемалдын* жана Хаким болгон ошол Зат-ы Жемил-и Зулжелалдын* түбөлүктүү бир Тозогу жана түбөлүктүү бир Бейиши бар болот.

ТӨРТҮНЧҮ АКЫЙКАТ: Жоомарттык жана Жамал эшиги. Жеввад* жана Жемил* ысымдарынын чагылуулары.

Эч мүмкүн бекен; чексиз жоомарттык жана колу ачыктык, түгөнбөс байлык, бүтпөс казыналар, теңдеши жок түбөлүктүү жамал, кемчиликсиз түбөлүктүү кемал*; бир саадат жери жаңа сый-урмат и-чинде түбөлүктүү боло турган муктаж, шүгүр кылуучуларды, күзгү кызматын аткарган ашыктарды, айрантаң калган көрүүчүлөрдү каалабасын?! Ооба, дүйнө жү-зүн мынчалык кооз сан'атттар менен кооздоо, Ай менен Күндү лампа жасап, Жер жүзүн бир ырыскы дасторкону кылып, тамак-аштын эң даамдуу түрлөрү менен толтуруу, мөмөлүү бакдарактардын ар бирин бирден идиш кылуу, ар бир мезгилде бир нече ирет жаңыртуу - чексиз бир жоомарттыкты жана колу ачыктыкты көргөзөт....

Мындай соңсуз жоомарттык жана колу ачыктык; ошондой түгөнбөс казыналарды жана рахметти, ошондой эле түбөлүктүү, арзуу кылынган ар нерсе ичинде табыла турган бир сый-урмат жерин жана саадат үйүн каалайт.
Үн жок