ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 36
(1-161)

Демек, бир Махкеме-и Күбрага, сөз менен түшүндүрүлгүс башка улуу бакыттаалай жерине калтырылууда.

Ооба, көрүнүп турат: ушул ааламдын башкаруучусу, чексиз хикмет менен иш кылууда. Далил керек дейсиңби? Бардык нерседе бир пайда жана туура иш-аракет кылуу бар. Көрбөй турасыңбы: Адамдын бардык мүчөлөрүндө, сөөктөрү менен тамырларында, керек болсо денесинин клеткаларында, ар бир жеринде, ар бир кичинекей бөлүгүндө пайданын жана хикметтердин көрүнүүсү, керек болсо кээ бир мүчөсү бир дарактын канчалык мөмөсү бар болсо ошол мүчөгө ошончолук пайда жана хикметтерди берүүсү мына муну көрсөтүп турат: чексиз бир хикмет колу менен иштер жүрүп жатат. Ошондой эле ар нерсени жаратуусундагы өнөрдө укмуштай тартиптүүлүктүн болуусу - соңсуз бир хикмет менен иш жасалганы көрүнүп турат.

Ооба, кооз бир гүлдүн чебер жазылган программасын кичинекей бир уругуна орноштуруусу, чоң бир дарактын амал дептерин, өмүр баянын, жабдыктарынын мазмунусун кичинекей бир данекке рухий тагдыр калеми менен жазуусу соңсуз хикметтүү бир калемдин иш аткаргандыгын көрсөтүүдө.

Ошондой эле, бүт нерсенин жаратуусунда абдан сонун чеберчиликтин болуусу - соңсуз даражада Хаким бир Устанын оймо-чиймесин көрсөтот.
Үн жок