ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 21
(1-161)

Айрыкча, кел сага "ОН ЭКИ ЖОЛдОН" да күчтүү бир далил көрсөтөйүн. Кел анда, эмесе, карачы: ушул узакта көрүнгөн чоң жамаат ичинде мурда биз көргөн чоң белгиси бар бир Йавер-и Экрем сөз сүйлөөдө. Барып ошону угалык. Карагын, ал нурдуу Йавер-и Экрем, назар сал, жогоруда турган улуу буйрукту элге билдирип жатат жана мындай дейт: "Даярдангыла, башка бир түбөлүктүү мамлекетке барасыңар. Ал мамлекет ушунчалык сонун мамлекет, бул мамлекет анын жанында зындан сыяктуу болуп калат. Падыша быздын Салтанат Сарайынын борборуна барып ырайымына жана тартууларына бөлөнөсүңөр, эгер бул кабарды жакшылапугуп башийсеңер... А эгер каршы чыгып баш көтөрө турган болсоңор, коркунучтуу зындардарга камаласы-ңар".Сен да көрүп турасың, ал Улуу Буйрукта ушундай бир кереметтүү мөөр бар, эч ким аны окшоштуруп жасай албайт. Сен өңдүү селсаяктардан башка бүт баары; ал кабар Падышанын кабары болгонун даана билет жана ошол нурдуу Йавер-и Экремде ушундай белгилер бар, сен сы-яктуу сокурлардан башка бүт баары Аны Падышанын абдан ишенимдүү кабарчысы болгонун жакындан таанышат. Ал Йа-вер-й Экремдин улуу кабар менен бирге бар күчүн салып жеткизүүгө тырышкан ушул мекен алмаштыруу маселесин жокко чыгаруу эч мүмкүнбү? Жокко чыгаруу үчүн көргөн нерсебиздин бардыгын жокко чыгарышыбыз керек.

Эми эй досум! Сөз сенде, сүйлө эмне

десең ошо де!

Үн жок