ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 19
(1-161)

Бул болсо акыйкаттардын терстерине айлануусу болуп саналат. Бардык акыл ээлеринин биргелешүсү менен муну акыл кабыл этүүсү мүмкүн эмес. Жалгыз гана бардык нерсени жокко чыгарган, жок деп эсептеген акмак софестаилерден башка.

Демек, бул жерден башка бир жер бар. Ал жерде бир Махкеме-и Күбра, жогорку диражадагы адилеттүүлүк жана сыйлоо жери, бир жазаландыруу жери бар; Эмнеге дегенде, мындай ырайымдуулук, мындай хикмет, мындай (инайет) жардам жана адилеттүүлүк толугу менен көрүнсүн.

ОН ЭКИНЧИ ЖОЛ: Кел эми, кайталык. Мына бул жамаатттардын раистери жана миңбашы, жүзбашылары менен көрүшөлү, кандай жабдыкталган экенин көрөбүз: Ал курал-жарактар жалгыз гана ал майдандагы кыска бир мөөнөт үчүн берилгенби? Же башка жерде узун бир саадат жашоосуна ээ болуш үчүн берилгенби? Карап көрөлүк. Ар кимге жана ар жабдыкка карай албайбыз. Бирок мисал үчүн ушул жүзбашынын күбөлүгүнө, дептерине карайбыз: Бул күбөлүктө жүзбашынын наамы, айлыгы, милдети, тилекталаптары менен дыймыл-аракет эрежеси бар. Карагын, бул наам бирнече күндүк убакыт үчүн эмес; абдан узун убакыт үчүн берилиши мүмкүн.

"Айлыгыңды казынадан мынчанчы күндө аласың", - деген убадалуу жазуу бар. Чынында ал убадалуу күн көп убакыттан кийин жана бул майдан жабылгандан кийин келет. Ушул милдет болсо; бул түбөлүксүз майданга жараша эмес, балким Падышанын өзүнө жакын жерде түбөлүктүү саадатты ала алыш үчүн берилген. Талап кылынган нерселер болсо - бир нече күндүк бул мейманканада жашоо үчүн боло албайт. Узун жана бактылуу жашоо үчүн болушу мүмкүн.
Үн жок