ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 18
(1-161)
ОНБИРИНЧИ ЖОЛ: Кел эй кежир до-еум! Бир самолётко... батышка же чыгышка.... башкача айтканда өткөн заманга жана келечекке бараткан бир Поездке минели. Ушул кереметтүү, мужизе көрсөтүүчү Падышанын башка жерлерде не бир түрдүү мужизе көрсөткөнүн көрөлү. Мына карачы, биз көргөн жер жана майдан менен көргөзмөлөр сыяктуу ажайыптуу иштер ар жерде бар. Бирок, чеберчилиги жана өңтүсү боюнча бири-биринен айырмаланып турат. Бирок, буга жакшылап көңүл бур: Жанагы туруксуз мекен-жайларда, ошол тез өтүп кетүчү майдандарда, ошол чектүү көргөзмөлөрдө; канчалык ачык бир хикметтин* тартиптүүлүгү, кандай гана даражада ачык көрүнгөн жардамдын ишаараты, өтө жогорку адилеттин белгиси, кандай гана даражадагы кенен бир ырайьшдуулуктун жемиштери көрүнүп турат. Келечекти билбеген өтө жакындан муну түшүнөт: Анын хикметинен ашкан хикмет*, анын жардамынан ашкан жардам жана ырайымындан жакшыраак ырайымдуулук жана адилетинен ашкан башка адилетүүлүктүн болуусу мүмкүн эмес. Эгер, мисалы: сен ойлогондой анын мамлекетинде туруктуу мекендер, улуу жерлер, түбөлүктүү үйлөр, жашаган калкы, баш ийген бактылуу кулдары болбосо: ушул хикмет*, инайет (жардам), ырайым жана адилеттүүлүк түн акыйкаттарына мына бул жалган мамлекет ылайык боло албай тургандыгы маалым жана аларга ылайык боло тургандар башка жерде да болбосо; анда күндүз чак түштө Күндүн жарыгын көрүп туруп Күндүн бар экенин кабыл этпөө даражасындагы бир акмактык менен, ушул көзүбүздүн алдындагы хикметти жок деп айтуу жана биз күбө болуп турган жардамды жокко чыгаруу жана ушул биз көргөн ырайымдуулукту жок деп эсептөө жана ушул абдан кубаттуу ишаараттарды, издери көрүнүп турган адилеттүүлүктөрдү жокко чыгарышыбыз керек. Ошондой эле биз көргөн бул ижраат-ы хакиимаане* жана эф'ал-и керимаане* жана ихсанат-ы рахимааненин* Ээсин жокко чыгаруу; -хаша, сүмме хаша (Кудай сактасын) - ач көз бир оюнчу жана заалим экенин кабыл этишибиз керек.
Үн жок