ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 16
(1-161)

Чынында ал кабарчылар болсо биргелешип бирин бири колдоп мындайча кабар беришүүдө: Ушул кээ бир жасаган иштери көрүнгөн улуу салтанатынын негизги жери бул жерден узак башка бир мамлекетте жана ушул сыноо майданындагы имараттар - убактылуу нерселер. Кийин түбөлүктүү сарайларга алмаштырылат. Бул жерлер өзгөрөт. Себеби, чыгармалары менен улуулугу билинген бул укмуштай бүтпөс салтанат: мындай тез өтүүчү, кайталангыс, туруксуз, маанисиз, кубулмалуу, чектүү жана кемчиликтүү иштер үчүн курулбайт, тургузул-байт...Демек, ага ылайык, түбөлүктүү, туруктуу, чексиз, бүтпөс, кемчиликсиз иштер үчүн курулган.

Демек, бир башка дүйнө бар, албетте ал дүйнөгө барылат.

ОНУНЧУ ЖОЛ: Кел бүгүн Нооруз майрамы (Түшүндүрмө)

5 (Түшүндүрмө): Бул жолдун ишааратын "Тогузунчу Акыйкатта" көрөсүң. Мисалы, Норруз күнү жаз мезгилин билдирет. Гүлдүү жашыл талаа болсо - жаз мезгилиндеги жер жүзү. Өзгөрүп турган пардалар менен көрүнүштөр болсо - эрте жаздын башталгычынан тартып жайдын аягына чейин Сан-и Кадир-и Зулжелалдын*, Фатыр-ы Хаким-и Зулжелалдин* укмуштай тартип менен алмаштырган жана кемал-и рахмет* менен жаңылаган жана бири бири аркасында жиберген жаз айьпщагы макулуктардын түрлөрүнө жана жаныбарлар менен адамдарга жиберип турган ырыскытамак-аштарга ишаарат этилет.

Бир алмашуу болот, ажайып иштер чыгат. Ушул жаздын сонун күнүндө, бул а-жайып гүлдүү жапжашыл талаага сейилдеп баралы. Мына карачы! Калайыккалк бул тарапка келе жатат.
Үн жок