ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 11
(1-161)

"Формалары-ңарды кийгиле, орденмедалыңарды таккыла!",деген буйругуна каршы аскерлер түрдүүтүстүү гүлдөргө курчалып кооздолгон бакчага окшоп калгандай; ошол эле жер жүзүнүн майданында Султан-ы Эзелинин* чексиз көп аскерлеринен периште, жин, адам жана жаныбарлар сыяктуу эле акылга ээ болбогон өсүмдүктөрдүн тобу да жашоо үчүн болгон күрөшүндө "Күн фейекүн"* буйругу менен " Коргонуу үчүн курал-жарактары-ңарды алгыла!", - деген Кудайдын буйругун алышкандарында; Жер жүзүндөгү бардык тикенектүү өсүмдүктөр жана бакдарактар найзачал^рын таккан маалында, кудум штыктарын тагып согушууга даяр турган аскерлерге окшоп калат.

Ошондой эле, жаз айынын ар бир күнү, ар бир жумасы ар түрдүү өсүмдүктөр тобунун майрамы болуп саналганы үчүн, ар бир тобу дагы да өз Султанынын ошол топторго тартуу кылган сонун белектерин көрсөтүү үчүн кооз белптлерди тагып алып, Султан-ы Эзелинин* көз алдынан параддан отет; бүткүл өсүмдүк жана бакдарактар "Сан'ат-ы Раббанийе * түрлөрүн жана гүл менен жемиш деп аталган Аллахтын жаратуусунун белгилерин таккыла, гүл ачкыла! ", - деген Аллахтын буйругун угушкандыктарынан жер бети кулпунуп аскердик формалары менен курал-жарактарын асынып парадка чыккан аскерлерди эске келтирет.

Мына ушундай даражада хикметтүү*, курал-жарактар жана жасалгалар албетте чексиз кудуреттүү бир Султандын, өтө адилеттүү бир Хакимдин буйруктары менен болуп жаткандыгын сокур болбогондорго көрсөтөт.

Үн жок