ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 9
(1-161)

БЕШИНЧИ ЖОЛ: Карачы, бул иштер ичинде ал тевдешсиз Күчтүн абдан чоң бир мээрими бар экени көрүнүүдө. Анткени, балээге туш келгендердин баарына жардамга келүүдө. Ар бир суроого жана тилекталаптарга жооп берүүдө. Керек болсо, карагын, эң төмөнкү даражадагы баш ийүүчүлөрдүн эң кичинекей дартьга, маселесин көрсө мээримдүүлүк менен камсыз кылууда. Бир койчунун коюнун шыйрагы сынып калса же дары, же мал доктур жиберип турат. Жүрү кеттик, ушул аралда улуу бир жыйналыш бар. Бул мамлекетин бардык кадыр-барктуулары ошол жерге топтолууда. Карачы, абдан чоң белгиси бар бир Йавер-и Экрем* сөз сүйлөөдө. Мээримдүү Падышасынан бир нерсе тилөөдө. Калктын баары: "Ооба, ооба биз да каалай-быз' дешип, аны кубаттап колдошууда. Эми уккун, ал Падышанын сүйүктүүсү эмне деп жатат:

"Эй бизди ырыскыларга бөлөгөн Султаныбыз! Бизге көрсөткөн Бейиштин көргөзмөсүнүн аныгын, чыныгы жерлерин көрсөт. Бизди Салтанат сарайынын бор-боруна алып бар. Бизди бул чөлдөрдө курута көрбө.Бизди өзүңө ал. Бизге ырайым кыл. Бул жерде даамын таттырган даамдуу тамактарыңды ал жерде да таттыр. Бизди куугунтуктап жок кылуу менен жа-заландырба. Сага ашык, сага шүгүр кылуучужана баш ийүүчү ушул кулдарыңды ээн таштап жок$кыл57к& &25ot;, - деп жалынып жалбарууда.

Аны сен да угуп жатасың. Эч мүмкүн бекен; мынчалык мээримдүү жана кудуреттүү бир падыша эң төмөнкү даражадагы бир адамдын эң кичинекей тилегин маани берүү менен кабыл кылсын, бирок эң сүйүктүү Йавер-и Экреминин эң жакшы тилектерин кабыл кылбай койсун?! Чындыгында, ал сүйүктүүнүн максаты - көпчүлүктүн да максаты.
Үн жок