ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 4
(1-161)

Бул жерде түшүрүлүп, андан ары ары жолун улайт. Кандайча ээсиз болот? Жана ар жерде көрүнгөн жарыялар, баяндамалар жана ар бир нерсенин үстүндө көрүнгөн мөөр менен белгилер, издер жана ар бир бурчунда булгаланган желектер кантип Маликсиз (ээсиз) болушу мүмкүн? Сен кыязы, бир барак динсиз философия окуптурсуң. Бул Ислам жазууларын окуй албай жатасың жана билген кишиден да сурабай жатасың. Кел анда, сага эң негизги буйрукту окуп берейин.

(Түшүндүщө): Жылга ишаарат кылып жатат. Ооба, жаз мезгили тамак-аш толгон вагон сыяктуу, кайыптан келет

Ал селсаяк адам кайрылып мындай деди:

- Макул, падыша бар; бирок менин жекече пайдалануум Ага эмне зыян бере алат? Казынасынан эмне кемийт? Анын үстүнө бул жерде түрмөмүрмө жок; жа-засы да көрүнбөй турат. Жолдошу ага жооп катары: "Эй, бул көрүнгөн мамлекет - машыгуу майданы, Султандын ажайып чеберчилигинин көргөзмөсү жана тез урай турган пайдубалсыз мейманканалары. Көрбөй турасыңбы күнүгө бири келет, бири кетет, жок болуп кетет. Дайыма толуп, бошолуп турат. Бир мезгилден кийин бул мамлекет башка башка бир мамлекетке алмаштырылат. Бул калайыккалк да башка жана түбөлүктүү бир мамлекетке көчүрүлөт. Ал жерде ар ким жасаган ишине жараша же жаза, же сыйлык көрөт,"- деди.

Үн жок