ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 5
(1-161)

Ал селсаяк адам кежирленип: "Ишен-беймин. Эч мүмкүн бекен; бул мамлекет кыйрап жок болсун? Кантип башка бир мамлекетке көчө алат?", - деди. Буга каршы ишенимдүү досу минтип айтты:

- Ушунчалык каршы чыгып кежирлик көргөзүп жатасың. Кел анда, чексиз жана эсепсиз көп далилдердин ичинде "Он эки жол"менен сага көргөзөйүн: Бир Махкеме-и Күбра (улуу сурак жери) бар, бир сыйлык бериле турган жери менен жакшылыгы, азап бериле турган жери менен зынданы бар. Бул мамлекет күнүгө бир даража бошолгон өңцүү бир күн келет, бардык нерсе бошолуп кыйрап, талкаланып жок болот.

БИРИНЧИ ЖОЛ: Эч мүмкүн бекен; бир салтанат, айрыкча мындай таң калтыра турган кереметтүү салтанат, жакшы кызмат кылып баш ийгендерге сыйлыгы жана каршы чыккандарга жазасы болбосун? Бул жерде жок сыяктуу көрүнөт.

Демек башка жерде бир Махкеме-и Күбра бар.

Үн жок