КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 17
(1-91)

БЕШИНЧИ СӨЗ

 


بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ



اِنَّ اللهَ مَعَ الَّذِينَ اتَّقَوْا وَالَّذِينَ هُمْ مُحْسِنُونَ

Намаз кылуу жана чоң күнөөлөрдү жасабоо - кандай даражада адамдын чыныгы милдети, кандай даражада адам жаратылышынын табигый натыйжасы экенин көргүң келсе, бул мисал болгон чакан аңгемеге көз сал, тыңша...

Согуш убагында бир бөлүмдө, бири тажрыйбалуу, милдетин сүйгөн, экинчиси тажрыйбасыз, написин жакшы көргөн эки аскер бар эле. Биринчиси таалим-тарбияга, урушууга көңүл буруп, керектүү нерселерди жана ырыскысын эч ойлобойт эле, анткени аны багуу, керектүү нерселерди берүү, ооруса даарылоо, атүгүл муктаждыгына карап тамагын оозуна салып коюу иштери - өкмөттүн милдети экенин, а өзүнүн негизги милдети болсо -таалим жана согушуу экенин ал билет болчу. Бирок кээ бир ырыскы жана керек-жарактарга байланыштуу жумуштарды жасайт эле. Тамак бышырат, идиш-аяктарды жуучу. Ага "эмне кылып жатасың деп сурашса, "өкмөттүн тегин жумушун кылып жатам" дечү.
Үн жок