КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 18
(1-91)

"Күнүмдүк жашоом үчүн керектүү акча үчүн" дечү эмес. Тажрыйбасыз болгон экинчи аскер болсо таалимге жана урушка көңүл бур-байт эле. "Ал өкмөттүн иши, мага ти-йиштүү эмес" дечү. ар дайым күнүмдүк оокатын ойлоп, анын артынан кубалап, бөлүмүн таштап кетип базарда алып са-тарлык кылат эле. Бир күн тажрыйбалуу жолдошу ага мындай деди: "Агайын, негизги милдетиң таалим жана согушуу. Сен ошол себептен бул жерге келти-рилгенсиң. Падышага ишен, таян, ал сени ач калтырбайт, ал падышанын милдети. Ары сен алсыз жана жардысың, кез келген жериңде өзүңдү асырай албайсың ары азыр күрөшүү жана согушуу убактысы. Сага баш көтөргөн деп жаза беришет. Ооба, көз алдыбызда эки милдет күрүнүп турат.

Бири - падышанын милдети. Кээде биз анын жумушун кылабыз, ал болсо бизди азыктандырат.

Экинчиси - өзүбүздүн милдетибиз. Падыша бизге жардам берет, ал да таалим-тарбия жана сугушуу.

Ажеп, тигил селсаяк аскер, каарман жана таалим көргөн жолдошунун сөзүнө кулак салбаса, канчалык коркунуч ичинде калар экен... Түшүнөөрсүң?

Мына, эй, жалкоо написим! Тигил толкундаган согуш майданы - бул азаптуу дүнүйө жашоосу. Бөлүмдөргө бөлүнгөн аскерлер тобу болсо - адамзат коому. Ал бөлүк болсо - бул кылымдагы Ислам коому. Эки аскердин биринчиси болсо дин парздарын билген жана орундаткан, ка-баирди тыштаган жана күнөөлөрдү жасабоо үчүн написи менен шайтанга кар-шы күрөшкөн мүттаки мусулман, экинчиси болсо Раззакы Хакикини иттихам этүү даражасында күнүмдүк оокат дартына ба-тып, парздарды орундатпаган жана тири-чилик жолунда кездешкен күнөөлөрдү жасаган, азгындык жолуна түшкөн күнөөкөр.
Үн жок