КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 19
(1-91)

Баягы таалим жана тарбиялар болсо - башында намаз болгон ибадат. Согуш болсо - напис менен анын каалоо-суна, жин жана киши шайтандарга каршы күрөшүп, күнөөлөрдөн жана жаман мүнөздөрдөн жүрөктү жана рухту сонсуз жок болуудан куткаруу демек. Ал эки милдет болсо - биринчиси. жашоону берип, азыктануу, экинчиси: жашоо бергенге жана асыраганга ибадат этүү, жалбаруу. Ага тевеккүл этип, ишенимдүү болуу.

Ооба, эң жаркын Самадани өнөрүнүн сыйкыры жана раббани хикметинин кере-мети болгон жашоону ким берген, жараткан болсо ырыскы менен ал жашоону азыктандырткан жана соттогон да - Ал өзү. Андан башка болбойт. Далил калайсыңбы? Эң күчсүз, эң маң айбандар жакшы багылат. (Жемиш курттары менен балыктар сыяктуу). Эң алсыз, эң назик макулук эң жакшы ырыскыны жейт (Бөбөктөр менен айбанаттын балдары сыятуу).

Ооба, адал ырыскынын келүүсүнө себеп күчкубат жана ыктыяр менен бол-богондугун, балким алсыздык менен дар-мансыздык аркылуу болгонун түшүнүү үчүн балыктар менен түлкүлөрдү, бөбөктөр менен жыртыч айбандарды, тал-терек менен жаныбарларды салыштырып көрүү жеткиликтүү. Демек, күн көрүү дарты үчүн намазын тыштаган адам таалимини жана калканын тыштап, базарда кайырчылык кылган аскерге окшойт. Бирок намазды кылгандан кийин Жанабы Раззакы Керимдин рахметинин ашканасындан ке-ректүү нерселерди издөө, башкаларга тоскоолдук кылбоо үчүн өзү арекет этсе бул жакшы, ары марттык, ары бир ибадат да болот.

Үн жок