КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 21
(1-91)

АЛТЫНЧЫСӨЗ 



بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ


اِنَّ اللهَ اشْتَرٰى مِنَ الْمُؤْمِنِينَ اَنْفُسَهُمْ وَاَمْوَالَهُمْ بِاَنَّ لَهُمُ الْجَنَّةَ



Напис менен мал-мүлкүн Жанабы Хакка сатуу жана Ага кул жана аскер болуу, канчалык пайдалуу соода, канчалык абы-ройлуу наам экенин түшүнгүң келсе, бул мисал болгон аңгемени тыңша...

Өткөн замандардын биринде бир падыша карамагындагы эки адамдын ар бирине ам-анатка, ичинде фабрика, өндүрүш машина-сы, ат, курал-жарак сыяктуу бардык нерсе бар бирден кожолук берет. Бирок өтө оор согуш мезгили болгондуктан, эч нерсе туруктуу калбайт, же жок болот, же өзгөрүп кетет. Падыша ал эки аскерине өтө мээримдүү бир жарлыгы аркылуу аларга мындай деп кайрылды: "Колуңардагы аманатымды мага саткыла.
Үн жок