КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 22
(1-91)

Ушинтип силерге сактап берейин. Бекерге жок болуп кетпесин. Ары согуш бүткөндөн кийин силерге мындан жакшы түрдө кай-тарып берем. Ары ал аманат силердин байлыгыңар сыяктуу, аларга өтө көп акча төлөймүн. Ары аркы өндүрүштүк машиналар жана фабрикадагы жабдыктар, менин атым менен менин жумуш ордумда иштет-тирилет. Ары баасы, ары акылары бирден миңге көтөрүлөт. Бардык пайданы силерге беремин. Ары силер алсыз жана жардысыңар, тигил чоң иштерди жүргүзүү үчүн керектүү жабдууларды таба албай-сыңар. Бардык чыгымдырды, жана ке-ректүү нерселерди алууну өз моюнума ал-амын. Бардык пайда менен байлыкты кайтарып берем. Ары аскердиктен бошогонго чейин колуңарда калтырамын. Мына беш мертебе пайда үстүнө пайда. Эгер мага сатпасаңар, ансыз деле көрүп турасыңар эч ким колундагысын сата ал-бай турат жана силердин да ошолор сыяктуу колуңардан чыгат. Ары бекер гана кетет, ары бул жогорку баадан макурум каласыңар. Ары ал назик баалуу аспаптар колдонула турган жогорку даражадагы кенч жана жумуш таппагандыгындан бүтүндөй баалуулугу түшөт. Ары башкаруу жана сактоо кыйынчылыгы, машакаты моюнуңарга жүктөлөт, ары аманатка кыянат жазасын көрөсүңөр. Мына беш мертебе зыян үстүнө зыян!.. А мага сатуу болсо - мага аскер болуп, менин атым менен үнөмдөө демек. Төмөнкү даражадагы бир туткун жана бузуку болуунун ордуна, улуу бир падышанын атайын жана эрктүү, сүйүктүү аскери болосуңар".

Алар бул илтифат менен буйрукту уккан соң, бул эки адамдан башында акылы болгону мындай дейт: "Куп болот, мен ку-бана сатамын, ары миң рахматымды да айтамын".

Үн жок