ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 14
(1-48)

Атүгүл, мүчөлөрү бири-биринин ичине кирип ырааттуу бир ахыбал менен сенин денең сыяктуу бир кебете-кейипке кирсе, анда ар бир мүчөнүн, бардык бөлүктөрү үчүн ошол түзүлүштөр санынча калыптар керек. Мейли, акылга сыйгыс болгон бул жүз мүмкүнсүздүктү кабыл кылсаң да бул тартиптүү, чебердүү темир тамгаларды, кемчиликсиз калыптарды жана калемдерди бирөө жасады деп айтылбаса, ошол калемдер, ошол калыптар, ошол темир тамгалардын жасалуусу үчүн алардын санына жараша кайра эле калемдер, калыптар жана тамгалар керек. Анткени, алар да жасалышкан жана алар да тартиптүү, чебердүү жана башка- ...ошондойчо кеткен сайын кете берет...

Мына эми, сен да түшүн! бул пикир ушундай пикир дейсиң: ал пикирдин ичинде, сенин денеңдеги атомдордун саны канча болсо ошончо тантыктыктар жана сандырак- тыктар бар. Эй өжөр бузуку адам! Сен да уял, бул адашуучулуктан баш тарт!..

ҮЧҮНЧҮ ЖОЛ: «Иктазатхут-табият» Башкача айтканда, табият жаралышын талап кылууда, табият жасоодо.

Мына бул пикирдин да көптөгөн мүмкүнсүздүктөрү бар. Мисал катары үчөөнү баян кылабыз.

Үн жок