ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 17
(1-48)

Ошондуктан чексиз көп гүлдөрдүн кейипке келүүлөрү түркүн-түркүн жана абдан ирээтүү жана көркөм-санаттуу бир абалда ошол топурактан өсүп-чыгуулары Кудайга ыйгарылбаса төмөнкү пикирди моюнга алууга туура келет. Мааниси жагынан Европадагы фабрикалар санынча, рухий жана көлөмү кичине басмакана- лардын жана фабрика-заводдордун бир гана кеседеги топуракта бар болуусун кабыл этүүдөн башка вариант(жол) жок. Анткени аба, суу, жылуулук, жарык жана топурак өсүмдүктөрдөгү жасалгаланган жыттуу көптөгөн көрүнүштөгү тирүү кездемелерди токуусу мүмкүн эмес.

Ошентип, табиятчылардын (натуралисттердин) бузуку пикирлери канчалык акылдан алыс экенин салыштырып көр. Табиятты « жаратуучу» деп ойлогон адам сүрөтүндөгү мас акмактар «биз билимдүү жана акылдуубуз» деп айткан идеялары менен канчалык акылдан жана билимден узак кетиш- кендерин жана эч бир жактан мүмкүнчүлүгү болбогон ой-пикирлерди өздөрүнө илим деп кабыл кылышкандарын көргүн, аларга күл жана түкүргүн!

Эгер: "Маклуктардын жаратылышы табиятка ыйгарылса, чындыкка окшобогон акылга сыйгыс мүшкүлдөр, болбогондой кыйынчылыктар пайда болот. А эгер макулуктардын жаратылышы Зат-ы Ахад жана Самад болгон Аллага ыйгарылса, ошол акылга сыйгыс мүшкүлдөр кандайча жоголот, жана ошол маклуктардын жаратылышындагы кыйынчылыктар оңойлукка, жөнөкөй нерсеге кантип айланат?" - десең

Үн жок