ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 19
(1-48)

Экинчи бөлүктөгү пикир болсо Көптөгөн китептерде далилдегендей, эгер бардык жандуулар Вахид-и Эхад болгон Аллага таандык кылынса, бүткүл жандуулардын жаралышы бир эле жандын жаралышы сыяктуу жеңил болот.

Эгер себептерге жана табиятка ыйгарылса бир гана макулуктун жаралы- шы бүткүл макулуктардын жаралышы сыяктуу мүшкүл болгонун көптөнгөн жана даана далилдер менен далилденген. Бир далилдин жыйынтыгы мындайча:

Мисалы бир адам падыша менен аскердик же кызматтык байланышта болсо, ошол кызматкер жана аскер, ошол байланыш күчү менен жүз миң эсе өз күчүнөн ашык иштерди кыла алат. Өз падышасынын аты менен кээде башка бир падышаны туткунга алат. Анткени аткарган буйруктун жана кылган иштердин жаб- дыктарын жана анын күчүн өзү көтөрбөйт Анан көтөрүп жүрүүгө да мажбур болбойт. Себеби өзү багынган падышанын казыналары жана аркасындагы өзүнө таяныч болгон падышанын армиясы; ошол жабдыктарды жана күчтү көтөрүүдө. Демек кылган иштери бир падышанын иш-арекети сыяктуу эле укмуштай сонун болуп же болбосо бир армиянын жумушундай абдан чоң боло алат. Мисалы Кудайдын бир кызматкери болгон кумурска буйрук берилгенде фараондун сарайын талкалайт. Чымын дагы Кудайга багынуусу менен Немрудду өлтүрөт. Анан дагы буудай даны сыяктуу болгон карагайдын уругу, Кудайга багынуусу менен чоң карагай дарагынын бүткүл органдары менен өстүрөт.

(шилтеме; Ооба, эгер жараткан менен байланыш болсо, ошол урук Алладан бир буйрук алат, ошол укмуш иштерди кылат. Эгер ошол байланыш үзүлсө, ошол карагай дарагынын уругунун жаратылуусу чоң карагай дарагынын жаратылуусунан да ашыкча жабдыктарды, кудуретти жана чеберчиликти талап кылат
Үн жок