ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 16
(1-48)

Экинчиси: Эгерде абдан ченемдүүлүк, тартиптүүлүк грмонияда, чебердүүлүк жана акылмандуулук менен жаралган дүйнө чексиз кудуреттүү, акылмана болгон бирөөгө таандык кылынбаса, табияттан пайда болду деп айтылса, анда ушундай натыйжа чыгат: ар бир бөлүк топуракта, андан чыккан жана токулган түркүн-түркүн гүлдөр жана мөмөлөрдүн өсүүсүнө жана кейипке (формага) келүүсүнө себеп болуусу үчүн, Европанын бардык механизмдери жана басмаканалары канча болсо, табияттын жеринин ар бир кичине бөлүкчөсүндө ошончо механизимдер жана басмаканалар болмок. Анткени, бир кесе топуракка ичине уруктар кезек менен себилсе, бүткүл гүлдөр сыңары өсүп чыгат. Бул гүлдөр бири-биринен абдан айырмалуу топтордо жана кебетеде өсүп чыкканы көрүнүүдө. Бул топторду жана алардын кебетелерин мындай өзгөчө кейиипке келтирген жана сүрөттөгөн бир талант ар бир бөлүк топуракта бар экендигин билдирет. Эгер бул талант, өтө айбаттуу ар нерсеге күчү жеткен Аллага ыйгарылбаса, анда ошол кеседеги топуракта ар бир гүл үчүн рухий, бөлөк, табигый бир станок бар болууга тийиш. Антпесе, ал гүлдөр пайда боло албайт.

Анткени уруктар болсо, алар дагы айбанаттардын үрөндөрү жана жумурткалары сыяктуу түзүлүштөрү бир материалдан турат. Башкача айтканда, алардын курамында суутек, кычкылтек, көмүртек жана азоттун иретсиз, тартипсиз камыр сыяктуу аралашуусунан түзүлөт. Аны менен бирге; аба, суу, жылуулук, жарык дагы ар бири жөнөкөй аң-сезимсиз жана сел сыяктуу бурулган жакка кете берет.
Үн жок