ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 15
(1-48)

Биринчиси: Эгерде байкалып жаткан макулуктарда, айрыкча жандуу- лардын чебердүүлүгү жана жаратулуусу илим менен, акылмандуулук менен Шемс-и Эзели болгон Алланын тагдыр жана кудурет калемине таандык кылынбаса, алар ошол сокур, дүлөй, түшүнүксүз болгон табият жана бир күчкө таандык кылынса, анда ошол табият жаратуу үчүн бардык нерседе материалдык эмес механизмдери жана басмаканалары бар болушу керек, же болбосо ар бир жаралган нерседе ааламды жарата турган жана башкара турган бир кудурет жана акылмандуулук болуусу тийиш..

Анткени, мисалы, күндүн шоолалары жана чагылуулары, жер бетиндеги майда-майда айнек сыныктарында жана суу тамчыларында көрүүнүүдө. Эгер ушул чагылган кичинекей күндүн көрүнүүлөрүн асмандагы тийип турган күнгө таандык кылынбаса, анда бир ширенке (күкүрт) талынын башы батпаган кыпындай айнек сыныгынын ичинде кандайдыр бир табийгый, материалдык көлөмүндө кичине, бирок абдан терең, асмандагы күндүн сапаттарына ээ болгон айнек сыныктардагы майда күндөрдү кабыл кылууга туура келет. Атүгүл, айнектердин канчалык атомдору болсо ошончолук табийгый күндөрдү кабылдоо керек болот. Ошондой эле так ушул мисал сыяктуу, бүткүл маклуктар жана жандуулар түздөн түз Шемс-и Эзели болгон Алланын ысымдарынын чагылуу- ларына таандык кылынбаса, ар бир тирүү заттын ичинде кандайдыр бир чексиз кудуреттүү, эрктүү ары билгич жана акылман бир табиятты, бир күчтү, кудум бир Кудайдын бар экенин моюнга алууга тура келет. Мындай пикир болсо, бүткүл ааламдагы акылга сыйгыс пикирлердин эң орунсузу, эң жөнсүзү болот. Ааламдын жаратуучусунун көркөм санаттарын манисиз, аң-сезимсиз бир табиятка ыйгарган адам, албетте айбандан жүз эсе айбан жана аң-сезимсиз болгонун көрсөтөт.

Үн жок