ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 20
(1-48)

Анткени тоодо (Алланын кудурет чыгармасы болгон) өсүп чыккан карагай дарагы, уруктун ичиндеги (тагдыр менен жазылган) рухий даракта(програмада) бүткүл органдары жана жабдыктары менен бар болуусу тийиш. Анткени ошол чоң дарактын фабрикасы ошол урук. Уруктун ичиндеги тагдыр менен жазылган рухий дарак(програмада) Алланын кудурети менен жарыкка чыгат, материалдык карагай дарагы болот))

Эгер ошол байланыш үзүлсө, ошол кызматкерликтен бошотулса, кыла турган иштердин жабдыктарын жана күчүн белинде-билегинде ташып жүрүүгө мажбур болот. Анда ошол кичинекей билегиндеги күч жана белиндеги курал-жабдыктар канчалык болсо ушунчалык иш аткара алат. Мурдагы абалында абдан жеңилдик менен кылган иштерди азыркы ахыбалында кайра кылышы үчүн, албетте бир армия күчүн колуна жана бир падышанын согуштук курал-жабдык заводун белине жүктөөгө туура келет. Бул болсо, элди күлдүрүү үчүн ар кандай болбогон тантырак жомокторду айткан куудулдар да мындай ой -пикирден уялышат.

Бир сөз менен айтканда, эгерде бар болуусу зарыл болгон Алла бүткүл макулуктарды жаратты деп айтылса өтө оңой жана түшүнүктүү. Бирок бүткүл макулуктардын жаратылуусун табиятка ыйгарылуусу болсо акылга сыйгыс мүмкүн- чүлүк айланасынын тышында мүшкүл жана акыл-эстен алыс болот.

үчүнчүсү: Бул бөлүктү түшүндүрө турган, кээ бир Рисале-и Нур брошюр- аларында (китептерде) баян кылынган эки мисал:

Үн жок