ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 21
(1-48)

Биринчи мисал: Элсиз аралда цивилизациянын бүткүл көркөм-чыгармалары менен кооздолуп курулган ак сарайга абдан жапайы бир адам кирет. Ичине көз жүгүртүп отуруп миңдеген тартиптүү чеберчилик менен жасалган буюмдарды көрөт. Жапайлыгынан, акмак- тагынан: «сырттан бирөө аралашпастан ушул ордо ичиндеги буюмдары менен бирге бир нерсе жасаган» деп изилдей баштайт. Кайсы нерсеге карабасын, ошол нерсе буларды жасоосун жапайы акылы да кабыл этпейт.

Андан кийин ошол ак сарайдын курулуш программасы жана башкаруу мыйзамдары жазылган бир дептерди көрөт. Чынында, ошол ак сарайды куруп кооздоого; колсуз, көзсүз жана балкасыз болгон ал дептер дагы, башка буюмдар сыяктуу эле эч кандай жөндөмгө ээ эмес. Бирок, аргасыз мажбур болуп, башка буюмдарга салыштырганда, бул дептерде ак сарайдагы програмалар жана аларды аткаруу мыйзамдарынын наамы жазылганынан, ошондой эле бул дептер аксарайдагы буюмдардын бардыгына байланыштуу экенин көрүп «Мына бул дептер ушул ак сарайды куруп, иреетке келтирип, кооздоп, буюмдарды жасап таккан жана жайгаштырган» деп, жапайылыгын акмактардын, мастардын тантыктыгына айлантыптыр. Мына, так эле ушул мисал сыяктуу, мисалдагы ордодон миң эсе ашыкча тартиптүү, кемчиликсиз жана ар тарабы кереметтүү бир акылмандуулук менен толо болгон ак сарайга окшогон ааламдын ичине Кудайды жокко чыгарууну көздөй кеткен «табият жаратты» деп ойлогон жапайы бир адам кирет. Табиятты, Важиб-ул Вужуд жана жаратылгандардын тышында болгон Алланын искусство-чыгармасы экенин ойлобостон жана Андан жүзүн буруп, бул ааламда Алланын тагдырды жазып көрсөтүүсү үчүн бир өрнөк.
Үн жок