ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 24
(1-48)

Ааламдагы ар бир тартип же тең салмактуулуктун өзүнчө рухий мыйзамдары, закондору бар экенин билет. Материалисттик көз караш менен караганы үчүн ошол рухий (жердин тартуу мыйзамы сыяктуу) мыйзамдарды да материалдык зат деп ойлойт. Кантсе да бул ааламда Салтанат-ы Рубубияттын денеси жок, көрүнбөгөн мыйзамдары бар жана ошол Маыбуд-у Эзелинин жалпы табигый мыйзамдары, эрежелери бар. Ошол табигый мыйзамдар, эрежелер; жалгыз гана илим менен бардыгы кабыл кылынган, (суунун көтөрүү мыйзамы сыяктуу) көзгө көрүнбөгөн денеси жок рухий нерселер. Материалисттер болсо бул рухий мыйзамдардын ар биринин бирден өзүнчө жана материалдык бир денеси бар деп ойлойт. Чынында ааламдагы бардык табигый мыйзамдар Алланын илим жана калам* сыпаттарынан келген. Табигый мыйзамдар болсо жалгыз гана илим менен бардыгы билинген материалы жок кыймылдар. Материалист ой боюнча Алланын кудуретин кабыл кылбай туруп анын ордуна табигый мыйзамдардын өзүн башкаруучу деп кабыл кылуу. Андан кийин ошол табигый мыйзамдарга жаратуучулук касиетин ыйгаруу. Андан кийин ошол мыйзамдарга "табият*" деп ат коюу. Ошондой эле жалгыз гана бир Кудурет-и Раббаниенин шооласы болгон кубаттын өзүн кудурет ээси деп жана көз карандысыз бир күч деп ойлоо; бул болсо жанагы мисалдагы жапайылыктан миң эсе төмөн бир жапайылык болот!

Үн жок