ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 23
(1-48)

Экинчи мисал: Абдан жапайы бир адам укмуштай чоң аскер жайына кирет. Абдан тартиптүү бир армиянын биргеликте алган таалимдерин кылган ирееттүү арекеттерин көрөт. Бир жоокердин кыймылы менен бир баталион, бир полк жана бир отряд өйдө турат, отурат жана кадам шилтейт. «Аткыла» буйругу менен бардык аскерлердин мылтык атышкандарын көрөт. Бир командирдин мамлекеттин жана бир падышанын тартип мыйзамы боюнча башкарып жатышын анын орой, жапайы акылы түшүнбөй, аны жокко чыгарганынан «бул аскерлер бири-бирине жиптер менен байланган» деп ойлойт. Ошол жип канчалык укмуштуу бир жип экенин ойлонот, айран-таң калат.

Андан кийин, Аясофия сыяктуу абдан чоң бир мечитке, жума намазына кирет. Ошол мусулман жамааты бир адамдын үнү менен өйдө туруп, ийилип саждага жыгылып отургандарын көрөт. Кудайдын буйруктарынан болуп, асмандан келген рухий мыйзамдардын топтолуусунан турган Шариатты жана рухий эрежеледи түшүнбөгөн адам ошол жамаат, материалдык жиптер менен байланды деп түшүнөт. Ошол ажайып жиптер намаз окугандарды туткундап кыймылдатканын ойлойт. Бул болсо эң жапайы жана жырткычтай болуп калган адамдарды да күлдүрө турган маскаралуу бир пикир менен чыгып кетет.

Мына так эле ушул мисал сыяктуу, Султаны-Эзел ва Абаддын чексиз көп аскерлеринин мисалда айтылгандай көркөмдүү казармасы (аскердик бөлүк), же болбосо мисалда өткөндөй ушул аалам Ма'буд-у Эзелинин тартиптүү бир мечити. Мына мисалдагыдай толугу менен жапайы, тануучу болгон материалист пикириндеги бир динсиз, казарма жана мечит эсебиндеги бул ааламга кирип карайт. Султан-ы Эзелинин акылмандуулук менен түзгөн бул ааламдын тартиптерин көрөт.
Үн жок