ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 22
(1-48)

Ошондой эле Алла Тааланын кудуретинин ишмердигин көрсөтүү үчүн, бул ааламда койгон мыйзамдары менен ар дайым жаңыланган жана өзгөргөн бир дептери эсебиндеги бул табиятты, абдан жаңылыш жана ката айтылып жаратылыш* ысымы берилген. Алланын бул ааламда койгон жалпы мыйзамдарды жана Өзүнө таандык көркөм-санатынын мазмунун көрүп мындай дейт:« бул буюмдар кандайдыр бир себеп менен болгон; эч бир нерсе бул дептердей байланыштуу экени көрүнбөй турат. Чынында, бир гана Рубубият-ы Мутлака менен болгон жана чексиз бир кудуретти талап кылган жаратуу ишин; көзсүз, аң-сезимсиз, кудуретсиз бул дептердин чыгармасы экендигин аң-сезим кабыл этпейт: Бирок кантсе да мен Сани-и Кадим бар болгонун кабыл кылбаймын. Анда эң эле жакшысы, бул дептер муну жасаптыр жана жасайт деп айтамын» дейт.

Биз да мындай дейбиз: Эй акмактардын акмагынан да акмакташкан мас акмак!

Башыңды "табият" сазынан чыгар, айлананды кара; атомдордон баштап жылдыздарга чейин бүткүл жаратылгандар, Сани-и Зулжалалдын бар болгонуна түркүн-түркүн тил менен ишарат беришкенин жапррна Анын барлыгына бирден күбө болушканын бил. Айтылып өткөн мисалдагы ак сарай сыяктуу ушул ааламды курган жана мисалдагы дептерге окшош табиятта ааламдын программасын жазган Наккаш-ы Эзелинин чагылуусу болгон далилдерди көр, токтомуна көңүл бур, Кур'анды ук, ошол тантык сөздөрдөн кутул!

Үн жок