ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 27
(1-48)

Же болбосо, бир жазуучу сыя, калем, кагаз алып келди дейли. Ошолор менен өзү бир китеп жазса оңойбу... же болбосо ошол кагаз, сыя, калемдин ичинде ошол китептен дагы чебердүү жана дагы машакаттуу, жалгыз ошол китеп үчүн бир жазуу машинасын жасасын, андан кийин ошол аң-сезимсиз машинага «Кана эми сен жаз» деп айтсын да өзү кийлигишпегени оңоюраакпы? Эми бул жазуу машынасын жасап ага жаздыруу өзү китеп жазуусунан жүз эсе мүшкүл эмеспи?

Эгер айтсаң: Ооба, бир китепти жазган машинанын жасалуусу ошол китептен жүз эсе кыйын. Бирок, ошол машинкага карата кандайдыр бир жеңилдик болор, бул машинка ошол эле көптөгөн китеп басууга абдан жеңилдик берет. Китептердин көп нускада басылып чыгарылуусунун каражатыдыр?

жооп : Наккаш-ы Эзели (түбөлүктүү сүрөтчү) чексиз кудурети менен чексиз жилве-и Эсмасын (Өзүнүн аттарын чагылууларын) ар убакыт жаңыландыруу менен, түркүн-түркүн формаларда (көрүнүштөрдө) көрсөтүү үчүн, макулук- тардагы айырмаларды жана жеке өң- түстөрдү ушундай бир ахыбалда жараткан, Самадани эч бир жазуу (өсүмдүк) жана Раббаний эч бир китеп (жаныбар) башка китептин (жаныбардын) такыр окшошу табылбайт. Сөзсүз түрдө, башка маанилерди белгилөө үчүн бүткүл китептер (макулуктар) бөлөк өң-түстө болот.

Эгерде көзүң бар болсо адамдын жүзүнө карап көр; Адам Атанын заманынан бүгүнкүгө чейин, керек болсо түбөлүккө чейин адамдардын жүзүндө, негизги мүчөлөрү бир болсо да ар бир адамдын жүзү бүткүл адамдардын жүздөрүнө салыштырылса ар бири үчүн бирден айырмасы бар экени дапдаана көрүнөт.
Үн жок