ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 28
(1-48)

Ошондуктан ар бир жүз башка бир китеп. Бир гана беттин тамгаларын жоктон ыраатталуусу үчүн бир устаканада өзүнчө бир жазуу комплектти, өзүнчө бир тартип жана өзүнчө бир чыгарма жазуу талап кылынат. Ошол китептин материалдарын да алып келүү, дагы аларды орноштуруу, дагы да китептин басылуусуна керек болгон бардык нерсени даярдоо үчүн таптакыр башка устакана талап кылат. Мейли, табиятты бир басмакана деп эсептейли. Бирок, бир басмаканага тийиш болгон ырааттоо жана басуу, башкача айтканда белгиленген чыгарманын тамгаларын тартибин калыпка салуу керек. Андан да башка, ошол иретти жаратуудан жүз эсе мүшкүл болгон бир жандуу заттын денесиндеги элементтерди, ааламдын ар тарабынан атайын өлчөмдөр менен жана жекече бир тартип менен жаратуу, аларды алып-келип басмакананын (табияттын) колуна берүү үчүн дагы, кайра эле ошол басмакананы жараткан Кадири Мутлактын кудуретине жана эркине муктаж. Демек табиятты басмакана деген ой жүгүртүү таптакыр маанииз бир сандырактык болот

Мына бул мисалдагы саат жана китеп сыяктуу Сани-и Зулжалал (Кудуреттүү Жаратуучу) жана Кадир-и Күлли Шай (Ар нерсеге кудурети жеткен) себептерди жараткан, себептердин натыйжасы болгон макулуктарды да Өзү жаратат. Акыл- мандуулук менен натыйжалардын (жандуулардын) жаралуусун себептерге байланыштырууда. Ааламдын кыймыл-аракетинин тартибине тийиш Адетуллах мыйзамдарынан түзүлгөн Алланын жалпы табиятка койгон мыйзамдарынын бир чагылуусун жана заттардагы ошол чагылуусуна жалгыз бир күзгү болгон заттардын өз табиятын Алла өзүнүн эрки менен дайындаган.
Үн жок