ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 29
(1-48)

Ошол табияттын материалдык жагын кудурети менен жараткан жана макулуктарды да ошол табият үстүндө жаратып бири бирине аралаштырган. Кызык, абдан жакшы бир сүрөттө акылга сыйган жана чексиз далилдердин натыйжасы болгон, айтылып өткөн акыйкатты кабылдоо оңой эмеспи, мажбурдук даражасында зарыл эмеспи?

Же болбосо жансыз, аң-сезимсиз, жара- тылган жана чебердүү; ошол жөнөкөй себеп жана табият деп аталган материалдардын колуна, ар бир заттын пайда болуусуна керектүү чексиз жабдыктарды жана аспаптарды берип, акылмандуулук менен жана билип туруп жасалган иштерди себепке жана табиятка жасаттыруу оңоюраакпы? Сандырактык даражасында мүмкүнсүздүк эмеспи? Сенин ошол ынсапсыз акылындын ынсабына тапшырабыз.

Кудайга ишенбеген жана табиятпараст адам мындай дейт: "Макул мени ынсапка чакырып жатасың. Мен да мындай айтамын: Азыркы убакытка чейин жаңылыш баскан жолубуз жүз эсе акылга сыйгыс, ошондой эле абдан зыяндуу жана абдан жаман бир жол экенин мойнума алдым. Айтып өткөн далилдеринен кичинекей эле акылы бар болгон киши минтип түшүнөт: Себептер жаратты, табият жаратты деп айтуу акылга сыйгыс мүмкүнсүздүк. Ар затты түздөн түз Важиб-ул Вужуд жаратты деп айтуу зарыл жана шарт. «Алхамдулиллахи аылал иман» деп ыйман келтиремин.

Бирок бир шегим бар: Алла Тааланын жаратуучу экендигин кабыл этемин. Бирок, кээ бир кичине себептердин маанисиз нерселерди жаратууга кийлигишүүлөрү жана бир аз мактоону өздөрүнө буруулары Алланын Рубуиятынын султандыгына зыян келтиреби? Султандыгынан бир нерсе кемип калабы?

Үн жок